И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту менен В.П. Чкалов атындагы Егорьевск авиациялык техникалык колледжинин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, КАИнин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн жети студенти академиялык алмашуу программасынын алкагында окууну баштады.
Программа 2026-жылдын 30-мартынан 30-апрелине чейин өткөрүлүп, авиациялык билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Окуу учурунда студенттер авиациянын техникалык аспектилерин терең өздөштүрүп, алдыңкы профилдик окуу жайлардын биринде баалуу практикалык тажрыйбага ээ болушат.
Бул программа студенттерге жаңы билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн ачып, алардын кесиптик өнүгүүсүнө жана дүйнө таанымын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Тараптар программаны ийгиликтүү ишке ашырууга ишеним билдирип, эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташууну мындан ары да бекемдөө маанилүү экенин белгилешти.


