И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулган «Мен — келечектеги мугалим 2026» эл аралык сынагына катышты.
Сынакта институттун атынан Т-1-25 тобунун студенти Бекмырза Жапаров жана М-1-25 тобунун студенти Арзуу Кожонова катышты. Сынактын алкагында катышуучулар эссе жазып, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында студенттер жетишкен ийгиликтери үчүн ардак грамоталар менен сыйланышты.
Илимий жетекчиси Асель Турусбекова болуп, ал студенттерди даярдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык кат менен сыйланды.


