И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери «Жарандык авиацияда кесиптик тил чөйрөсүнүн ролу» аттуу эл аралык студенттик онлайн-конференцияга катышты. Иш-чараны Москва мамлекеттик жарандык авиация техникалык университети уюштурган.

Конференциянын жүрүшүндө авиация тармагындагы адистерди тилдик жактан даярдоонун актуалдуу маселелери талкууланды. Катышуучулар учуу коопсуздугун камсыз кылууда кесиптик коммуникациянын мааниси тууралуу пикир алышып, келечектеги учкучтарды, диспетчерлерди жана инженерлерди окутуунун заманбап ыкмалары менен тажрыйба бөлүштү.

Иш-чаранын негизги максаты жарандык авиация үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо зарыл болгон кесиптик тил чөйрөсүн калыптандыруунун бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгуу болду.