2026-жылдын 27-ноябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун «Аба транспортунда логистиканы уюштуруу жана башкаруу» жана «Транспорттук коопсуздук» багыттарында билим алган студенттери «Эл аралык аба мыйзамдары» темасындагы аралыктан өткөрүлгөн конок лекцияга катышты.

Лекция Россия Федерациясынын «Московия» кесиптик колледжи тарабынан уюштурулду.

Лекциянын жүрүшүндө эл аралык аба укугунун негиздери, аба мейкиндигин жөнгө салуу, учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандык авиация тармагындагы эл аралык кызматташтык маселелери каралды.

Мындай билим берүү иш-чараларына катышуу студенттердин кесиптик билимин кеңейтүүгө, адистик багыттагы түшүнүктөрүн тереңдетүүгө жана авиация тармагындагы эл аралык талаптар менен таанышууга өбөлгө түзөт.