22-апрелде И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери, Студенттик кеңештин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кскурсияга барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө депутат Эрулан Кокулов студенттерге өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Жолугушуу ачык форматта өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, кеңири жооп ала алышты. Ошондой эле студенттер жыйындар залына кирип, анда ошол учурда актуалдуу маселелер каралып жаткан процесске күбө болушту.
Экскурсия студенттер үчүн пайдалуу тажрыйба болуп, Жогорку Кеңештин иши менен жакындан таанышууга өбөлгө түздү.



