И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине барышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ЖАМАнын директору Данияр Бостонов студенттер менен жолугуп, Агенттиктин негизги милдеттери жана ишмердүүлүгүнүн багыттары тууралуу айтып берди. Ошондой эле, ал жарандык авиация тармагында квалификациялуу адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Сапардын алкагында студенттер ЖАМАнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты. Агенттиктин кызматкерлери авиациялык персоналды сертификациялоо, аба кемелеринин учууга жарамдуулугун камсыз кылуу, учкучсуз учуучу аппараттардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, эл аралык кызматташтык, тармактын стратегиялык өнүгүүсү жана аэронавигациялык камсыздоо сыяктуу негизги багыттар боюнча маалымат беришти.
Ошондой эле кызматкерлер студенттердин суроолоруна жооп берип, тажрыйбалары менен бөлүштү. Сапардын соңунда Агенттиктин директору студенттер менен кайрадан жолугуп, алынган билимдер боюнча кыскача талкуу өткөрдү.
Студенттер үчүн бул сапар пайдалуу тажрыйба болуп, жарандык авиация органынын ишмердүүлүгү тууралуу түшүнүгүн кеңейтти.



