26-март күнү И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун «Ташууларды уюштуруу» багыты боюнча 3-курсунун студенттери «Московия» кесиптик колледжи тарабынан уюштурулган эл аралык онлайн-лекцияга катышты.

Жолугушуунун темасы эл аралык каттамдарда өзгөчө категориядагы жүргүнчүлөрдү тейлөө болду. Лекциянын спикери - «Московия» компетенция борборунун жетекчиси жана «Ю-ТИ-ДЖИ ЮНИВЕРСИТИ» авиациялык окуу борборунун практикалык даярдоо окутуучусу Евгений Геннадьевич Рузняев болду.

Лекциянын жүрүшүндө катышуучулар эл аралык стандарттар менен таанышып, ошондой эле жаныбарларды, депортацияланган жана өлкөгө кирүүгө уруксат берилбеген жүргүнчүлөрдү ташууга байланыштуу жол-жоболор тууралуу маалымат алышты.

Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана авиациялык билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.