Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана ар кайсы өлкөлөрдүн студенттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө максатында И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өткөн Аба укугу боюнча үчүнчү эл аралык конкурска катышышты.
Иш-чараны AEROHELP Аба жана космос укугу институту Беларусь мамлекеттик университети менен биргеликте уюштурган.
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун делегациясы Минск облусунун Несвиж сепилинде өткөн Аба укугу боюнча XIV конференцияга катышты. Бул маанилүү форумдун уюштуруучулары Аба укугу боюнча улуттук ассоциациясы жана AEROHELP Аба жана космос укугу институту болду, ага Мамлекеттер аралык авиация комитети колдоо көрсөттү.
Бул иш-чараларга катышуу эл аралык академиялык байланыштарды чыңдоодо, студенттердин укуктук маданиятын жогорулатууда жана аба укугу жаатындагы кесиптик горизонтторун кеңейтүүдө маанилүү кадам болду.