2026-жылдын 23–28-ноябрь күндөрү И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Казакстан Республикасынын Жарандык авиация академиясынын Авиациялык колледжинин делегациясын кабыл алууда.
Делегациянын курамында 2-курстун беш студенти жана атайын сабактар боюнча окутуучу бар.
Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар окуу-билим берүү иш-чараларына катышып, институттагы билим берүү процесси менен таанышып, кесиптик тажрыйба алмашат.
Программа академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө, келечектеги адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга жана эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.