И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн студенттери Бакытбек кызы Мираида (СП-2-24) жана Калыбекова Альбина (СП-1-24) VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземдерине бийчилердин курамында катышты.
Ачылыш аземинде Мираида 700 бийчинин курамында өнөр көрсөттү, масштабдуу шоу белгилүү эл аралык хореограф Keone Madrid тарабынан коюлду.
Ал эми жабылыш аземинде кыздар 400 бийчиден турган топтун курамында өнөр тартуулашты.
Бир жарым ай бою өткөрүлгөн тынымсыз репетициялар, Кытайдан келген хореографтар менен биргеликте иштөө жана Ысык-Көлдөгү сахнада өнөр көрсөтүү студенттер үчүн баалуу чыгармачылык жана кесиптик тажрыйба болду.
КАИнин администрациясы Мираида менен Альбинага масштабдуу иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.