2026-жылдын 11–14-сентябрында Байконурда ракетамоделдөө спорту боюнча «Коркыт-Ата-2026» ачык эл аралык мелдеши өттү. Мелдеш FAIнин Дүйнө кубогунун этабы болуп саналат.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандан 100гө жакын спортчу катышты.
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенти Аида Назармухамедова FAIнин Дүйнө кубогунун этабына жана «Коркыт-Ата-2026» ачык эл аралык мелдешине катышып, жалпы 8 байгелүү орунду ээледи. Анын ичинде:
Анын ичинде:
- S-6-A классында (стримерлүү ракета модели) аялдар арасында — II орун, юниорлор арасында — II орун;
- S-9-A классында (ротошюттуу ракета модели) аялдар арасында — III орун;
- S-7 классында (ракета-модель-көчүрмө) юниорлор арасында — III орун;
- S-4-A классында (ракета-планер) юниорлор арасында — III орун;
- S-7 классында спортчулар арасында — III орун.