И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенти Урбеков Рамиль Global Student Forum аттуу I Эл аралык конференциясында ардактуу II орунду ээледи.
2026-жылдын 16–17-ноябрь күндөрү Казакстан Республикасынын Тараз шаарында Борбордук жана Батыш Азия өлкөлөрүнүн жаштарынын башын бириктирген Global Student Forum I Эл аралык конференциясы болуп өттү.
Конференциянын алкагында студенттер заманбап технологиялар, санариптик чечимдер жана инновациялар багытындагы долбоорлорун жана изилдөөлөрүн сунушташты. Негизги номинациялардын бири болгон «Artificial Digital Technologies and Future Innovations» жасалма интеллектти, санариптик технологияларды жана инновациялык иштеп чыгууларды өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарына арналды.
Конференциянын жыйынтыгында ВЛо-2-25 тайпасынын 2-курсунун студенти Урбеков Рамиль «Artificial Digital Technologies and Future Innovations» номинациясында ардактуу II орунду ээледи.