И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенти Тажиматов Байел «Кыргызстандын мыкты студенти – 2025» республикалык сынагынын жеңүүчүсү аталды.
Аталган сынак «Керемет Холдинг» ЖЧК тарабынан уюштурулуп, ага өлкө боюнча 1200 студент катышты. Катышуучулардын арасынан 115 мыкты студент тандалып алынып, сыйлыктар тапшырылды. Бул сынак 2021-жылдан бери өткөрүлүп келет.
КАИнин студенти сынактын алкагында «Менин кыялымдагы Кыргызстан» темасында дил баян жана өмүр баян жазып, калыстар тобунун жогорку баасына татыды.
Сынакка Кыргызстандын жети облусунан келген, окууда, спортто, коомдук иштерде жана бизнес тармагында ийгилик жараткан жаштар катышып, «Эң мыкты студент» сыйлыктарына ээ болушту.