30-майда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда "Авиацияда учуулардын коопсуздугун башкаруу системасын калыптандыруунун жана өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык аспектилери: мамилелер, баалуулуктар жана этикалык багыттар" деген темада студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция "Табигый-илимий дисциплиналар" кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага учуу коопсуздугун камсыздоону жана жакшыртууну ар тараптан кароого кызыккан студенттер, окутуучулар жана илимий жетекчилер катышты.

Конференцияда студенттер актуалдуулугу, илимий негиздүүлүгү жана практикалык багыты менен айырмаланган докладдарды сунушташты.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.