2026-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын 93 жылдыгына карата И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун кызматкерлери кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлыктарга ээ болушту.
Институттун улук окутуучусу Матковский Виталий Павловичке «Ардактуу авиатор» наамы ыйгарылды.
Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы менен төмөнкү кызматкерлер сыйланышты:
Козионов Борис Борисович — улук окутуучу;
Умаралиева Жийдекан Азимовна — башкы бухгалтер.
Иш-чаранын алкагында авиация тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жетишкендиктери үчүн институттун башка кызматкерлерине жана студенттерине да сыйлыктар жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Кыргыз авиациялык институтунун жамааты сыйлык ээлерин татыктуу бааланган жетишкендиктери менен куттуктап, мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалайт!