И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту өлкөнүн алдыңкы авиакомпаниялары менен кызматташтыкты бекемдөөнү улантып, авиациялык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча негизги билим берүү базасы катары өз ордун бекемдөөдө.
Жакында институттун базасында «Авиа Траффик Компани» (Avia Traffic Company) авиакомпаниясынын жер үстүндөгү тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн окутуу ийгиликтүү жыйынтыкталды. Квалификацияны жогорулатуу программасынын алкагында адистер «Авиакассир жана заманбап брондоо системалары» багыты боюнча интенсивдүү курстан өтүштү.
Окутуу кесиптик көндүмдөрдү өркүндөтүүгө, авиация тармагындагы актуалдуу инструменттерди жана технологияларды өздөштүрүүгө, ошондой эле жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталды. Алынган билимдер жана практикалык көндүмдөр кызматкерлерге өз ишинде заманбап чечимдерди натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берет.


