И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун директорунун окуу иштери боюнча орун басары Оксана Садовская иш сапары менен Россия Федерациясынын Новосибирск шаарында, Новосибирск мамлекеттик техникалык университетинде (НМТУ).

Сапардын максаты – биргелешкен билим берүү программаларын, анын ичинде кош дипломдук программаларды, ошондой эле тармактык билим берүү программаларын ишке ашырууну макулдашуу. Иш сапардын алкагында НМТУнун администрациясынын өкүлдөрү менен жолугушуулар, кызматташуунун уюштуруучулук жана методикалык аспектилерин талкуулоо, ошондой эле эл аралык жана ЖОЖдор аралык долбоорлордун алкагында өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Маалымдама: НМТУ 1950-жылы негизделген. Университет 84 багыт боюнча студенттерди даярдайт жана 17 факультет менен институттарды бириктирген ири көп тармактуу университет болуп саналат.