Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги өлкөнүн аэропортторунун, авиакомпанияларынын, авиацияны күйүүчү май менен камсыздоочу уюмдарынын, аэронавигациялык жана жер үстүндөгү тейлөө уюмдарынын жетекчилери жана адистери үчүн авиациялык коопсуздук тармагында тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу боюнча семинар-практикум өткөрөт.
Семинар И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда өтөт.
Иш-чаранын негизги максаттары:
- тобокелдиктерди башкаруунун негизги принциптери боюнча билим алуу;
- коркунуч менен тобокелдиктин ортосундагы байланышты түшүнүү;
- тобокелдиктин жана маалыматтын булактарын аныктоо жөндөмүнө ээ болуу;
- тобокелдиктерди проактивдүү баалоо ыкмасын өздөштүрүү;
- ыктымалдуу сценарийлерди идентификациялоо жана аныктоо жөндөмүнө ээ болуу;
- критикалуулук менен алсыздыктын деңгээлин талдоо жөндөмүнө ээ болуу;
- тобокелдиктерди ыктымалдуулук жана кесепеттердин негизинде талдоо жөндөмүнө ээ болуу;
- тобокелдиктерди баалоо үчүн критерийлерди туура колдонууну боюнча билимге ээ болуу;
- коркунучтардын тизмесин түзүү жана жаңыртуу боюнча көндүмдөрдү өздөштүрүү ж.б.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар авиациялык коопсуздук тармагында тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу боюнча тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашышты. Бул семинар жарандык авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүүлөрдү алдын алууга багытталган процесстердин жана процедуралардын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.