22-апрелде И. Абдраимов атындагы КАИнин студенттери А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун 95 жылдыгына арналган Республикалык студенттик илимий-практикалык конференцияга катышты.
Конференциянын темасы: «Кыргыз Республикасынын азыркы шарттагы экономикалык өсүшү жана туруктуу өнүгүүсү: жаштардын көз карашы».
Иш-чарага И. Абдраимов атындагы КАИнин студенттери активдүү катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана илимий кызыгуусун көрсөтүштү.
Конференциянын жыйынтыгы боюнча: Арина Салибекова экинчи орунду ээлеп, акчалай сыйлык менен сыйланды; Азем Ташматова «Эң мыкты презентация» номинациясына ээ болду.



