18-ноябрда Түркиянын Авиация Ассоциациясын университетинин (Turkish Aeronautical Association University) ректору, профессор Рахми Эр И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна расмий сапар менен келди.
Делегацияны институттун студенттери жана директордун орун басарлары тосуп алышты.
Коноктор үчүн институт боюнча экскурсия уюштурулуп, окуу процесси тааныштырылды.
Жолугушууда тараптар кызматташуунун негизги багыттарын белгилешти: билим берүү жана илим жаатында тажрыйба алмашуу, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле конок лекциялар, семинарлар жана конференцияларды өткөрүү.
Иш-чара Кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюу менен жыйынтыкталып, эки тараптын өнөктөштүктү тереңдетүү ниетин бекемдеди.







