2025-жылдын 12-майынан 16-майына чейин И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун окутуучу-инструктору Шухрат Ахметханович Рустамов өзүнүн бай тажрыйбасын жана жарандык авиациянын Европа конференциясы (ЕКГА) (Африкадагы, Жакынкы Чыгыштагы жана Азиядагы жарандык авиациянын коопсуздугу) долбоорунун иш-чараларына кошкон олуттуу салымын эске алуу менен Тажикстан Республикасына эксперт жана инструктор катары төмөнкү темалар боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жарандык Авиация Агентствосунун, Тажикстан Республикасынын аэропортторунун жана авиакомпанияларынын кызматкерлерине тренинг өткөрүү үчүн чакырылган.
