2025-жылдын 27-октябрында «Учуучу аппаратарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо» жана «Электрлештирилген жана пилотаждык навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо» профилдеринин 3 курсунун студенттери үчүн «Авиация техникаларынын ишенимдүүлүгү жана техникалык диагностикасы» дисциплинасы боюнча практикалык сабак өткөрүлдү (окутуучу Абдраимов Эдилбек Сатилович).
Сабак учурунда өндүрүш тараптан окуу тобуна Зухариев Руслан Аюбович бекитилди.
Практикалык сабак студенттерге теориялык билимди бекемдөөгө, заманбап жабдуулар жана авиация техникаларын диагностикалоо процесстери менен таанышууга, ошондой эле чыныгы өндүрүш шарттарында иштөө көндүмдөрүн алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

