20–21-ноябрь күндөрү И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда биринчи курстун студенттерин кабыл алуу салтанаты болуп өттү.
Бул иш-чара кечээки абитуриенттердин институттун толук кандуу студенттеринин катарына расмий кошулганын тастыктады.
Салтанаттын негизги бөлүгүндө биринчи курстун студенттери авиация тармагындагы жогорку окуу жайдын атын татыктуу алып жүрүүгө, ак ниет менен билим алууга жана институттун салттарын урматтоого ант беришти.
Иш-чара студенттик актив тарабынан даярдалган кызктуу концерттик программа менен коштолду.



