Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда 25 жылдан ашык иштебей турган эки реконструкцияланган аэропортторунун салтанаттуу ачылышы болду.
Кыргызстандын аэропортторунун маршруттук тармагы толугу менен калыбына келтирилди, бардык аймактык аэропорттор комплекстүү реновациядан өтүп, сертификацияланып, толук кандуу ишке киришти. Бул окуя тарыхый мааниге ээ жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көңүл буруусу жана катышуусу менен мүмкүн болду. Аэропортторду калыбына келтирүү боюнча бардык иштер "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын каражатынын эсебинен аткарылды.
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун делегациясы салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун жамааты бардык кыргызстандыктарды, авиаторлорду, "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын жетекчилигин жана кызматкерлерин куттуктайт.