2026-жылдын 4-ноябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Документ тапшыруудан жумушка орношууга чейин» аттуу бүтүрүүчүлөрдү консультациялык колдоо күнү болуп өттү.

Иш-чарага бүтүрүүчү курстардын студенттери жана авиация тармагындагы уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө иш берүүчүлөрдүн актуалдуу талаптары, жумушка орношуу үчүн документтерди тапшыруу тартиби, талапкерлерди тандоо этаптары жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Өзгөчө көңүл резюме даярдоого, маектешүүдөн ийгиликтүү өтүүгө, ошондой эле жаш адистер үчүн зарыл болгон кесиптик жана жеке компетенцияларга бурулду.

Жолугушуунун алкагында бүтүрүүчүлөр иш берүүчүлөргө өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, кесиптик өнүгүү боюнча практикалык сунуштарды алышты.

Иш-чара КАИнин иш берүүчүлөр менен кызматташтыгын бекемдөөгө жана бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна көмөк көрсөтүүгө багытталды.