2026-жылдын 30-мартында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун жарандык авиация факультетинин 3-курсунун студенттери «Бишкек Вингс» окуу-тренинг борборунун базасында практикалык сабактардан өтүштү.
Сабактар «Аба кемесинин конструкциясы жана учуу эксплуатациясы (SEP, MEP)» дисциплинасы боюнча иш ордунда окутуунун алкагында окутуучу Алаев Ш.Н. жетекчилиги астында уюштурулду.
Практикалык бөлүктө студенттер борбордун материалдык-техникалык базасы менен таанышып, анын ичинде Чехияда чыгарылган Bristell сыяктуу жеңил моторлуу аба кемелери, ошондой эле Diamond DA42 NG учагы үчүн FNPT II класстагы авиациялык тренажёр менен иштешти.
Белгилей кетсек, «Бишкек Вингс» авиациялык окуу-тренинг борбору Кыргызстандын аймагындагы учуу практикасын камсыздаган жана жарандык авиация үчүн келечектеги учкучтарды даярдаган биринчи жана жалгыз адистештирилген мекеме болуп саналат.
Практикалык сабактар студенттерге теориялык билимдерин бекемдөөгө жана чыныгы авиациялык шарттарга жакын кырдаалда маанилүү кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүндүк берди.

