2026-жылдын 3-мартында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун 3-курсунун «Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо» профилинин студенттери «Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды өндүрүү жана оңдоо» дисциплинасы боюнча практикалык сабак өтүштү.
Сабак «Авиатраффик» авиакомпаниясынын өндүрүштүк базасында уюштурулуп, студенттер авиациялык ишкананын реалдуу иштөө шарттары, өндүрүш процесстеринин өзгөчөлүктөрү жана авиациялык техниканы тейлөө системасы менен таанышышты.
Практикалык сабакты окутуучу Панин Алексей Викторович өткөрдү. Авиакомпания тарабынан насаатчы катары Зухариев Руслан Аюбович катышып, өндүрүштүк ишмердүүлүктүн өзгөчөлүктөрү, авиациялык техниканы тейлөө жана оңдоонун практикалык аспектилери тууралуу кеңири маалымат берди.
Иштеп жаткан авиациялык ишканада окуу студенттерге теориялык билимдерин бекемдөөгө, заманбап технологиялар менен жакындан таанышууга жана баалуу кесиптик тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай форматтагы кызматташтык атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого жана институт менен тармактык ишканалардын байланышын чыңдоого өбөлгө түзөт.


