16-октябрда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн «Аба транспортунда логистиканы уюштуруу жана башкаруу» адистиги боюнча билим алган студенттери үчүн кошумча кесиптик билим берүүчү «Джет-Сервис» мамлекеттик эмес билим берүү мекемесинин улук окутуучусу Анна Александровна Мартини менен онлайн-жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун темасы — «Авиация адистерин мезгил-мезгили менен даярдоо».
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кесиптик билимдерин кеңейтип, жарандык авиация тармагындагы адистерди мезгил-мезгили менен даярдоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.