Бүгүн Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Д. Бостонов И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери үчүн конок лекциясын өткөрдү.

Лекциянын жүрүшүндө жарандык авиация тармагындагы эл аралык аудиттерден өтүү, алардын учуулардын коопсуздугун камсыз кылуудагы мааниси, ошондой эле «кара тизме» түшүнүгү жана анын эл аралык авиациялык практикадагы ролу талкууланды.

Мындан тышкары, институттун бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу болуп, анда кесиптик баарлашууга жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.