Мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын жыйынтыгы чыгарылды

cover image

18-январда мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын иш чаралар планынын аткарылышы боюнча салтанаттуу иш-чара өттү. Ал эми бул иш-чарага Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана өлкөбүздүн бардык региондорунан 200гө жакын кыргыз тили мугалимдери, И.Абдраимов атындагы Кыргыз Авиаинститтун студенттери катышты. Анда министр Уланбек Мамбетакунов Билим берүү жана илим министрлиги балдар бакчадан баштап көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү менен бирге мамлекеттик тилди окутуунун методикасын жакшыртуу жана сапатын жогорулатуу аркылуу жарандардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсүнө түрткү берүү милдеттерин аткарып жаткандыгын белгиледи. “Мамлекеттик тилди жайылтуу – ата-бабаларыбыздын шедеврлери болгон “Манас” эпосу, кыргыз кагандарынын эстеликтериндеги Енисей жазуулары, улуттук фольклор, поэзия жана проза сыяктуу дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы бул тарых, өлкөнүн келечеги” – деди министр. Ошондой эле, иш-чарада айлыктын алкагында аткарылган иш-чаралар тууралуу видеомаалымат көрсөтүлүп, фотокөргөзмө уюштурулуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында өткөрүлгөн иш-чараларга (“Мыкты баяндамачы”, “Көп тилдүү мугалим”, “Заманбап санарип колдонмо”, “Инновациялык усулдуктар” ж.б.) активдүү катышкан мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле кыргыз тилин өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган ардагер мугалимдерге “Мыкты насаатчы” сыйлыгы жана ыраазычылык каттары тапшырылды. Ыраазычылык катын алган мугалимдердин ичинде Авиаинституттун кыргыз тили мугалими Аскарова Назгул Аскаровна да бар.

99c0f8bcf141eae7b01fe587cd6ca0ee.jpeg

e3675861a4a1c97ac7990343da0c52ae.jpeg

a8c7bcd33fd6835843528e805c5a7c33.jpeg

67203905641e63c1ec2843c4c6bf0edf.jpeg

fcd25a1ab3d50ffc9d96dbb8abd549c7.jpeg