И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун колледжи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте "Көз карандысыз аккредитациялоо, рейтинг жана сертификациялоо институту" коомдук фонду тарабынан өткөрүлгөн улуттук рейтингдин алдыңкы 10 тизмесине кирди.

  Билим берүүнүн сапатын, илимий жана коомдук ишмердүүлүктү, окуу жайдын кадыр-баркын баалоого мүмкүндүк берген бир катар критерийлерге таянып, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун колледжи Кыргыз Республикасынын бардык орто кесиптик окуу жайларынын арасынан 6-орунду ээлеп, Кыргызстандын авиация тармагында, ошондой эле эл аралык деңгээлде талап кылынуучу адистерди даярдоодо институт тарабынан берилген жогорку кесипкөйлүктү жана билим деңгээлин дагы бир жолу далилдеди.