И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда 25-сентябрда Кыргыз тил күнүнө карата «Кыргыз тили – илим жана билим берүүнүн тили» аттуу тегерек стол болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары коомдогу ордун бекемдөө, жаштардын эне тилге болгон кызыгуусун арттыруу, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана кыргыз тилин күнүмдүк турмушта кеңири колдонууга үндөө.
Тегерек столго институттун окутуучулары жана студенттери активдүү катышып, кыргыз тилинин тарыхы, өнүгүү жолу, бүгүнкү коомдогу орду жана келечеги тууралуу баяндамаларын сунушташты.
Талкуунун жүрүшүндө эне тилдин улуттук өзгөчөлүктөрдү жана маданий баалуулуктарды сактоодогу мааниси, жаш муунга кыргыз тилин үйрөтүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн келечектеги багыттары тууралуу пикирлер айтылды.
Иш-чаранын соңунда активдүү катышкан окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдирилди. Катышуучулар белгилегендей, мындай иш-чаралар жаштардын эне тилге болгон кызыгуусун арттырып, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана анын коомдогу колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.