2026-жылдын 31-октябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту Ambassador International School (Сейтек STEM) базасында уюштурулган жогорку окуу жайлардын көргөзмөсүнө катышты.
Иш-чарага 15тен ашык алдыңкы жогорку окуу жайдын өкүлдөрү катышты. Көргөзмө мектеп окуучуларына жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, билим берүү программалары жана окууга кабыл алуу шарттары менен таанышууга шарт түздү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз авиациялык институтунун өкүлдөрү окуу жайдагы даярдоо багыттары, адистиктер жана авиация тармагындагы кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, КАИде билим алуу жөнүндө кеңири маалымат ала алышты.