25-декабрда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Аба транспортунда транспорттук коопсуздук» адистиги боюнча билим алып жаткан ТБ-1-23, ТБ-2-23 жана ТБ-3-23 тайпаларынын студенттери үчүн кезектеги конок лекциясы уюштурулду.
Лекцияны «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын Учуу коопсуздугу жана сапатты көзөмөлдөө инспекциясынын инспектору Токтоболотов Акбар Закирович өттү.
Лекциянын жүрүшүндө аэропортто авиациялык коопсуздук тутумун уюштуруу маселелери, авиациялык коопсуздук кызматынын функциялары жана милдеттери, жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана персоналды текшерүүнүн тартиби, ошондой эле аэропорттун башка бөлүмдөрү жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү маселелери кеңири каралды. Лектор өзүнүн кесиптик тажрыйбасынан практикалык мисалдарды келтирип, Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунуштарынын талаптарына өзгөчө көңүл бурду.
Лекция интерактивдүү форматта өтүп, студенттер темага чоң кызыгуу көрсөтүштү. Алар авиациялык коопсуздук кызматындагы иштин өзгөчөлүктөрү, кесиптик даярдыкка коюлган талаптар жана аэропорттордо жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суроолорду активдүү беришти.

