И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту Австрия, Чыгыш Азия, Борбордук Азия, Кавказ жана Түштүк Азиянын университеттери менен билим берүү мекемелерин бириктирген Eurasia-Pacific Uninet (EPU) эл аралык академиялык тармагына расмий түрдө кошулду.

Тармакка кошулуу Кызматташуу жөнүндө декларацияга (Declaration of Collaboration) кол коюу аркылуу расмийлештирилди. Кыргыз авиациялык институту EPU тармагынын өнөктөшү экенин тастыктаган расмий ырастоого жана сертификатка ээ болду.

Тармакка мүчө болуу эл аралык академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Анын ичинде студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлоруна, жайкы мектептерге, билим берүү программаларына жана эл аралык демилгелерге катышуу мүмкүнчүлүктөрү каралган.

Eurasia-Pacific Uninet эл аралык тармагына кошулуу Кыргыз авиациялык институтунун эл аралык байланыштарын кеңейтүүдө, академиялык потенциалын чыңдоодо жана чет өлкөлүк билим берүү жана илимий мекемелер менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

Жаңы өнөктөштүктөр — авиациялык билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр!