2026-жылдын 7-октябрынан 9-октябрына чейин И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун өкүлү Казакстандын Алматы шаарында өткөн Eurasia-Pacific Uninet (EPU) тармагынын жолугушуусуна жана Erasmus+ семинарына катышты.

Иш-чаралардын алкагында эл аралык академиялык коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп, Австриянын төмөнкү жогорку окуу жайлары менен кызматташуу боюнча байланыштар түзүлдү: University of Applied Sciences Kufstein Tirol, Salzburg University of Applied Sciences жана Paris Lodron University of Salzburg.

Кызматташуунун негизги багыттары катары студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана билим берүү долбоорлорун иштеп чыгуу белгиленди.