2026-жылдын 27-ноябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Дүйнөлүк илим күнүнө арналган «Заманбап жарандык авиациядагы учуу коопсуздугун башкаруу системасы: тобокелдиктер, технологиялар, практика» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Конференцияга КР Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин, Ж. Баласагын атындагы КУУнун, Ташкент мамлекеттик транспорт университетинин өкүлдөрү жана Авиаинституттун окутуучулары катышты.
«Жарандык авиация академиясы» АКнын (Алматы ш., Казакстан Республикасы) колледжинин окутуучулары жана студенттери өзгөчө коноктор болушту.
Катышуучулар авиациялык коопсуздук менен учуу коопсуздугун башкаруу системасын интеграциялоо, ICAO стандарттарын ишке ашыруу, тобокелдиктерди болжолдоо жана авиациялык адистерди даярдоо үчүн жасалма интеллектти жана машиналык окутууну колдонуу маселелерин талкуулашты.
Конференция талкуу, сунуштарды кабыл алуу жана сертификаттарды тапшыруу менен аяктады. Казакстандык кесиптештер менен болгон жолугушуу эки өлкөнүн авиациялык окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдеди.


