КАИ транспорт тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча КМШ КТКнын онлайн-конференциясына катышты
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун өкүлдөрү көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) катышкан өлкөлөрүнүн координациялык транспорттук Кеңеши (КТК) тарабынан уюштурулган «Транспортту туруктуу өнүктүрүү максатында кесиптик компетенцияларга талаптарды түзүү жана аларды өркүндөтүү» темасындагы онлайн-конференцияга катышышты.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүүдө инновациялык технологияларды жана стандарттарды киргизүү, ошондой эле тармактын адистеринин кесиптик компетенцияларына бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу менен байланышкан маселелердин кеңири спектрин талкуулашты. Логистиканын туруктуу моделдерине өтүү жана КМШ өлкөлөрүнүн транспорттук системаларын интеграциялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай иш-чараларга катышуу заманбап тенденциялардан кабардар болууга, башка өлкөлөрдөгү кесиптештер менен тажрыйба алмашууга жана транспорт тармагынын келечектеги адистерин даярдоонун сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Конференциянын жыйынтыгында КМШ өлкөлөрүнүн окуу жайлары менен профилдик уюмдарынын ортосунда мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн зарылдыгы белгиленди.
