Бүгүн, 19-сентябрда, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун эмгек жамааты жана студенттери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө институттун аймагы тазаланып, көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз авиациялык институту коомдук мааниге ээ демилгелерди мындан ары да колдоп, таза, көрктүү жана жагымдуу чөйрөнү түзүүгө өз салымын кошууну улантат.