2026-жылдын 1-апрелинде академик М. Ф. Решетнёв атындагы Сибирь мамлекеттик университетинин эл аралык бөлүмүнүн өкүлдөрү, бөлүм башчысы Тихих Е. В. жана анын орун басары Горбунова С. В. И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна келишти.
Визиттин жүрүшүндө Кызматташтык боюнча жол картасына кол коюлду. Анда окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, студенттер алмашуусу, биргелешкен илимий долбоорлор жана эки университеттин ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча макулдашуулар каралды.
Тараптар жалпы кызыкчылыктарды белгилеп, техникалык билим берүү программаларын камтыган жаңы багыттарды аныкташты.
Бул визит эл аралык байланыштарды бекемдөө жана студенттер менен окутуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн маанилүү кадамы болду.

