24 декабря И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиалык институтунун кызматкерлери жана студенттери салтка айланган жылдык кайрымдуулук акциясынын алкагында Төмөнкү-Чүй айылында жайгашкан психикалык өнүгүүсү кечиккен балдар үчүн атаын башталгыч мектеп-интернатка барышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдар үчүн жаңы жылдык оюн-зук юштурулуп, институтта өткөрүлгөн студенттик кайрымдуулук жарманкеден чогултулган каражатка алынган, ошондой эле студенттер тарабынан даярдалган беллектер тапшырылды. Майрамдык программа балдарга кубанычтуу маанай тартуулап, майрамдык шаң жаратты.
Мектеп-интернаттын администрация балдарга көрсөтүлгөн көңүл буруу жана жылуу мамиле үчүн институт жамаатына ыраазычылык билдирип, мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи.


