29-ноябрда КАИнин кызматкерлери жана студенттери Маловодное айылындагы Сокулук балдардын реабилитациялык борборуна барышты. Иш-чара жыл сайын 3-декабрда белгиленүүчү Майыптыгы бар адамдардын Эл аралык күнүнө арналды.
Борбордун тарбиялануучуларына колдоо көрсөтүлдү. Студенттер жана окутуучулар азык-түлүк, кийим-кече, оюнчуктар жана таттууларды тапшырышты. Мындан тышкары, студенттер ырлар жана бийлерден турган чакан концерттик программа тартуулашты.
Бул иш-чара реабилитациялык борборду колдоого жана майыптыгы бар балдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган маанилүү кадам болду.
Маалымат үчүн: Майыптыгы бар адамдардын Эл аралык күнү 1992-жылдан бери БУУнун демилгеси менен жыл сайын 3-декабрда өткөрүлөт. Анын максаты - майып адамдардын социалдык интеграциясына байланышкан маанилүү маселелер боюнча маалыматты жогорулатуу жана бардык адамдар үчүн ачык жана жеткиликтүү коом түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилөө.



