И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту адистештирилген авиациялык сабактар боюнча лабораториялык жабдууларды сатып алды.

Жабдуулар коюлган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында, авиациялык адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу иштерин сапаттуу жана инновациялык жаңы деңгээлде жүргүзүү максатында алынды.

Бүгүнкү күндө жалпы баасы 8 млн сомду түзгөн лабораториялык жабдуулар келип түштү:

  1. Аба кемесинин учуу боюнча окуу симулятору
  2. Гидравликалык система боюнча стенд-тренажер.