Жаңылыктар
cover image
институтубуз Ишембай Абдраимовдун ысымындагы даңк медалы менен сыйланды — граждандык авиациянын өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы үчүн.

Сыйлоо

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлигинин Азаматтык авиация департаментинин буйругу жана Кыргызстандын авиациялык кызматкерлер кесиптик союзунун Республикалык комитетинин президиумунун токтому менен, институтубуз Ишембай Абдраимовдун ысымындагы даңк медалы менен граждандык авиациянын өнүгүшүнө кошкон чоң салымы үчүн сыйланды.

Сыйлык Авиация институтунун директору Курманов Улан Эсембековичке тапшырылды.

Ал бул сыйлык институтубуздун ар бир кызматкерине арналганын белгилеп, кесиптештерине өз ишине болгон сүйүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

ad094814eb6331ebd22302a9893d7c1d.jpeg