2026-жылдын 10-апрелинде И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун окутуучулары жана студенттери Алматы шаарындагы Жарандык авиация академиясынын базасында өткөн жаш илимпоздордун «Жасалма интеллект – колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги» аттуу жыл сайын өтүүчү Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Конференциянын жүрүшүндө транспорт тармагына жасалма интеллект технологияларын киргизүүнүн заманбап багыттары, санариптик трансформация, авиациялык коопсуздук маселелери жана адистерди даярдоонун инновациялык ыкмалары талкууланды.

Бул илимий иш-чара жаш изилдөөчүлөр жана студенттер үчүн илимий тажрыйба алмашууга, ошондой эле жаңы кесиптик байланыштарды түзүүгө ыңгайлуу аянтча болду.

Алынган билимдер жана түзүлгөн байланыштар Кыргыз авиация институтунун илимий ишмердүүлүгүн андан ары өнүктүрүүгө жана авиация тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.