И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту менен Ымсон шаарындагы Ыраакы Чыгыш университети академиялык жана билим берүү тармагындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Документ узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, эл аралык байланыштарды чыңдоого жана авиациялык адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган.

Тараптар авиациялык техниктерди, борт коштоочуларды жана коммерциялык авиациянын учкучтарын даярдоо боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө макулдашышты. Өзгөчө көңүл учуулардын коопсуздугун башкаруу системасы жана ИКАО стандарттарына ылайык учууларды ыкчам башкаруу тармагында адистерди даярдоого бурулат.

Меморандум ошондой эле академиялык мобилдүүлүктү, окутуучулар жана студенттер менен алмашууну, биргелешкен изилдөөлөрдү, лекцияларды, семинарларды жана мастер-класстарды өткөрүүнү карайт.

Мындан тышкары, кореялык университеттин өкүлдөрү институттун студенттерине авиация тармагындагы заманбап тенденциялар боюнча лекция өткөрүштү.