2026-жылдын 10-февралында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту Учкучсуз учуучу аппараттардын операторлорунун жана видеографтарынын ассоциациясы кызматташуу тууралуу келишимге кол койду.
Бул келишим Кыргызстанда учкучсуз учуучу аппараттар тармагын өнүктүрүүгө багытталып, билим берүү, илимий жана практикалык багыттардагы өз ара кызматташууну камтыйт.
Кызматташтыктын алкагында тараптар заманбап окуу программаларын жана усулдук материалдарды биргелешип иштеп чыгуу, УУА тармагы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын жыйынтыктарын жарыялоо тууралуу макулдашты. Ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, билим берүү иш-чараларын уюштурууга, тармактык форумдарды жана дрон-фестивалдарды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Кызматташтыктын негизги максаты — КАИнин академиялык потенциалын жана Ассоциациянын практикалык тажрыйбасын бириктирип, жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоо жана өлкөдө учкучсуз технологиялар тармагын туруктуу өнүктүрүү.
