20-сентябрда Кыргызстандын авиаишканаларынын кызматкерлеринин арасында спорттук оюндар боюнча Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Кубогу болуп өттү. Мелдешке өлкөнүн негизги авиаишканаларынын өкүлдөрү катышты – 200дөн ашык кызматкер спорттук атаандаштык жана командалык биримдик духунда биригишти. Ондогон матчтар жана жүздөгөн катышуучулар авиациянын күчү асманда гана эмес, спорттук аренада да экенин көрсөтүштү!
Спорт түрлөрү:
- Кичи футбол
- Волейбол
- Аркан тартыш
- Үстөл тенниси
- Шахмат
Бардык катышуучуларга энергия, азарт жана командалык рух үчүн рахмат!