2025-жылдын 10-ноябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун Жарандык авиация  факультетинин 1-курсунун студенттери үчүн белгилүү манасчы, Кыргыз Республикасынын маданият отличниги Үмөт Дөөлөтовдун катышуусунда конок лекция болуп өттү. Иш-чара  педагогика илимдеринин доктору, профессор Сыдыкбаева Мира Медеркуловнанын колдоосу менен уюштурулуп, студенттердин руханий дүйнөсүн байытуу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана “Манас” эпосуна болгон кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлдү.
Лекция учурунда манасчы Үмөт Дөөлөтов “Манас” эпосунун мааниси, тарыхый жана тарбиялык өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берип, өзүнүн аткаруусунда эпостон үзүндүлөрдү окуп берди. Иш-чара студенттерге чоң таасир калтырып, улуттук мурасыбызды урматтоонун жана сактоонун маанисин дагы бир жолу эске салды.