16-октябрда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Summer_travel.kg туристикалык компаниясынын директору Мээрим Садыкованын студенттер үчүн мейман лекциясы өттү.

 

Бул иш-чара студенттер үчүн Кыргызстандын туризм рыногунун учурдагы абалы, туризм ишин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү жана бул тармакта карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымдамалардын баалуу булагы болду.

 

Лекциянын жүрүшүндө Мээрим Садыкова өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, тармактын тобокелдери жана келечеги жөнүндө айтып берди. Анын сөзү студенттерди шыктандырып, кесиптик чеберчилик, жоопкерчилик жана өз ишине чын ышкы менен мамиле кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.